Садыр Жапаров: ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирет

Садыр Жапаров: ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирет

Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнунсаммитинде билдирди.

Ал ШКУ саммити “Ырыс алды – ынтымак” деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр “Шанхай рухунун” маңызын чагылдырарына токтолду.

“Уюмубуздун ролуна жана маанисине токтолсок, ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирип, дүйнөлүк ИДПнын чейрек бөлүгүнө жакынын камсыздап жатканын белгилеп кетейин”, – деди мамлекет башчы.

Ал Кыргызстан ШКУга төрагалыгы алкагында 200гө жакын иш-чара өткөрүп, коопсуздук боюнча кызматташтыкты бекемдегенин да белгиледи. Мындан сырткары, экономикалык жана транспорттук байланыштар чыңдалып, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө аракет жасалганына токтолду. Санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект маселелери ШКУнун сөз жүзүндө эмес, реалдуу ишке ашыруусу керек болгон артыкчылыктуу багыттарынын катарына кошулганын белгиледи.

“ШКУнун 25 жылдыгында биздин жалпы милдет — уюмдун биринчи чейрек кылымдагы ишине жыйынтык чыгаруу менен гана чектелбестен, анын тарыхындагы жаңы баракты: туруктуу тынчтык, биргелешкен өнүгүү жана жалпы гүлдөп-өсүүгө өбөлгө түзүү”, – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media