Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду
Президент Садыр Жапаров жана Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин кеңейтилген курамдагы жыйынынан кийин бир катар документтерге кол коюлду.
Алар Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгын экономика, ички иштер, саламаттык сактоо, илим, билим, виртуалдык активдер, электрондук коммерция жаатында, ошондой эле Ош шаары менен Лахор шаарынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого багытталган.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер- министри Шахбаз Шариф биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн иштерди мында ары да улантуу керектигин билдиришти.