Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуусу болду
2-сентябрда, Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.
Салтанаттуу иш-чара президенттик администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратынын алдында өтүп, анда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн.
Жогорку даражалуу мейманды Президент Садыр Жапаров тосуп алды. Ардак кароол ротасынын командири рапорт бергенден кийин, аскердик оркестрдин аткаруусунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Мындан кийин Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.