Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапар менен келген Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун башында президент Садыр Жапаров кыргыз-орус мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.

“Биздин эки тараптуу мамилелерибиз бекем негизге жана стратегиялык мүнөзгө ээ. Россия Федерациясы менен жетишилген өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине биз чоң маани беребиз жана мындан ары да практикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттенип жатабыз”, – деди мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге Бишкек ШКУ саммитине катышкандыгы жана Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылган мезгилиндеги артыкчылыктарын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстан ШКУ саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча чоң иштерди аткарганын айтып, өлкөнүн төрагалыгынын жыйынтыктарын баса белгиледи.

“Кыргызстандын төрагалыгы учурунда сиздин түздөн-түз катышууңуз менен Уюмду мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча маанилүү чечимдер макулдашылды. Саммиттин жыйынтыгы боюнча бир катар негизги документтер, анын ичинде Бишкек декларациясы жана ШКУ Хартиясына протокол кабыл алынды”, – деп белгиледи Россиянын президенти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин да талкуулап, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Аймактар аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле билим берүү жана орус тилин колдоо жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Владимир Путин кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери достук, өз ара сый-урмат жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу салттарынын негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолду.

"Биз Сиз менен эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жеке көзөмөлүбүздө кармап, мындан ары да өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү ниетиндебиз", – деди Россиянын президенти.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media