Жогорку Кеңеш эс алуудан кийин ишин баштады
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштады.
Бүгүн, парламенттин жыйыны өтөт, ал эми комитеттер толук кандуу ишин келерки жумада баштайт.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин билдирген. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүүдө.