Кыргыз-армян инновациялык өнөктөштүгү жаңы багыттар менен толукталат
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасян менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Анда академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр жана инновациялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле кыргыз-армян ректорлор форумун өткөрүү, санариптештирүү, жасалма интеллект, агротехнологиялар жана ишкердик багыттарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.

