Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтери келишимге кол коюшту

Кишинёв шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы менен Молдованын Улуттук профсоюздар конфедерациясынын ортосунда 2027–2031-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, жаңы келишим эки өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган.

"Биздин негизги максатыбыз — эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө көмөктөшүү жана кесиптик бирликтердин ролун күчөтүү", - деди Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу.

Келишимге ылайык, тараптар кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн күч-аракеттерин бириктирет.

Ошондой эле эки өлкөнүн кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жашоосу жана эмгек ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон экономикалык, социалдык жана укуктук шарттарды түзүүгө көмөктөшүү боюнча милдеттенмелерди алышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдө канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырым тосмо орнотулду

Соң-Көлдө канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырым тосмо орнотулду

Нарын облусундагы Соң-Көл көлүндө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо максатында 1 чакырымга созулган тосмо орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер "Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында К. Базарбаев атындагы Каратал-

Теңге өсүп, евро арзандады: валюталардын жаңы курсу

Теңге өсүп, евро арзандады: валюталардын жаңы курсу

Улуттук банк 3-сентябрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Ага ылайык, доллар 87,45 сом деңгээлинде өзгөрүүсүз калды. Ал эми евро 101,8312 сомдон 101,2103 сомго, рубль 1,0172 сомдон 1,0139 сомго төмөндөдү. Теңге тескерисинче бекемдеп, 0,1881 сомдон 0,1919 сомго чейин өстү.

Ошто үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Ошто үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Улуттук банк мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаарындагы үч акча алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Маалыматка ылайык, "Айыл Финанс" алмашуу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 21-августунан 30-августуна чейин, "Капитал Нур" алмашуу бюросунуку 21-августтан 4-сентябрга чейин токтотулган. Ошондой эле

Бишкекте экологиялык талаптарды бузган кафеге 28 миң сом айып салынды

Бишкекте экологиялык талаптарды бузган кафеге 28 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы "Сария" кафесинде экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, мекемеге 28 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде аталган кафеде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө