Москва районуна жаңы сот биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалды

Москва районуна жаңы сот биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалды

3-сентябрда Чүй облусунун Москва райондук сотунда биринчи жолу 5 жылга дайындалган судьянын ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин жергиликтүү соттордун судьяларын беш жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндө жарлыгына ылайык, Шадыбеков Артур Кадырбекович аталган аймакка сот болуп дайындалды.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев ага сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту, калыстыкты жана адилеттүүлүктү сактап, берген антына бекем турууну эскертти.

Белгилей кетсек, шайланган же дайындалган судьянын ыйгарым укуктары ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта аба чубалгыларына жаңы өткөргүчтөр тартылып жатат

Ноокатта аба чубалгыларына жаңы өткөргүчтөр тартылып жатат

Ноокат районунда электр жабдууларын жаңылоо жана жарык берүү сапатын жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти. Учурда аймактагы энергетиктери 110/35/10 кВ "Ноокат" көмөк чордонунан чыккан МСО фидериндеги 10 кВ чубалгысына СИП өткөргүчтөрүн тартып жатышат. Иштер Кара-Таш – Кош-Дөбө-3 тилкесинде жүргүзүлүүдө.

Таластын Май айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылат

Таластын Май айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылат

Жаңы окуу жылына карата Талас облусунун Манас районундагы Май айылында Б. Узенов атындагы 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин жалпы наркы 90 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулардын заманбап шартта билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар

Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда

Ошто көп кабаттуу үйлөр казына жана жашоочулардын эсебинен жаңыланууда

Ош шаарында кош каржылоо менен дагы үч көп кабаттуу турак жай оңдоп-түзөлүүдө. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда И. Раззаков көчөсүндөгү №32, Исанов көчөсүндөгү №51 үйлөрдө жана Кулатов кичи районундагы №21 көп кабаттуу үйдүн чатырлары менен сырты жаңыланууда. Белгилей кетсек, 50/50 долбоорунун алкагында оңдоо иштерине

Таласта суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Таласта суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Талас облусунун Кайыңды айылында жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кайыңды суусунун жээгиндеги суу коргоо зонасында жеңил конструкциядагы курулуштар жайгаштырылганы белгилүү болгон. Айрым курулуштар суу жээгине өтө жакын салынган. Ошондой эле эс алуу жайынын аймагында