Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды
Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчисинин орун басары болуп Чыңгыз Казиев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Венера Кулатаева биринчи орун басары болуп бекитилди.
Маалыматка ылайык, бул чечим парламенттин аппаратынын ишин уюштуруу жана башкаруу түзүмүнө байланыштуу кабыл алынды.