Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз ара сапарлары үчүн шарттарды жөнөкөйлөтүү маселелери каралды.
Медер Абакиров акыркы жылдары Кыргызстанда туризм тармагы өнүгүп жатканын белгилеп, өлкөнүн чет элдик туристтерди тартуу боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.
Ошондой эле Ысык-Көлдө курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" көп тармактуу туристтик жайы баштаган ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Симонида Кордич Черногория Кыргызстан менен туристтик байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

