ЖКтин депутаттары Малайзиядагы парламенттик форумга катышышты

ЖКтин депутаттары Малайзиядагы парламенттик форумга катышышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева жана Болотбек Борбиев Малайзиянын борбор калаасы Куала-Лумпурда өткөн Азия парламентарийлеринин калк жана өнүгүү боюнча форумунун (AFPPD) жылдык конференциясына катышты.

ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Эльвира Сурабалдиева AFPPDдин Аткаруу комитетинин 102-жыйынына катышып, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баяндамалары боюнча сессияга төрагалык кылды. Иш-чарада гендердик теңчилик, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жаштарга инвестиция салуу, климаттын өзгөрүшү жана жигердүү узак жашоо маселелери талкууланды.

Ал эми Болотбек Борбиев “Жаштардын татыктуу иш менен камсыз болушу үчүн санариптештирүү: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аталышындагы баяндама менен чыгып, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана жаштардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатындагы санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Мындан тышкары, Сурабалдиева Малайзия Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту. Тараптар кыргыз-малайзиялык мамилелерди, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү, бизнес, билим берүү жана академиялык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media