Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, ордуна Алмаз Айылчиев м.а. болуп дайындалды

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, ордуна Алмаз Айылчиев м.а. болуп дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бул тууралуу Президенттик администрация жарыялады. Баетов Юстиция министрлигин 2021-жылдын 13-октябрынан бери жетектеп келген.

Эми анын ордуна - Президенттин Жарлыгына ылайык, Айылчиев Алмаз Асимович Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. КРнын юстиция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Айылчиев Алмаз Асимовичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Президент аны башка кызматка өткөнүнө байланыштуу Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотту.

Ал эми Айылчиев бошоткон кызматка Бакыт Нурудинов дайындалды. Ал Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media