Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Жогорку Кеңеште болду

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Жогорку Кеңеште болду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушту.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда тараптар туруктуу өнүгүү, аймактык туруктуулукту камсыз кылуу, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана саясий диалогду бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашты.

Комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди ачык жана мазмундуу талкуулоо үчүн парламенттик диалогду пайдалануу чоң мааниге ээ экенин билдирип, муну менен катар Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө актуалдуу болгон миграция жаатындагы маселелерге басым жасады.

Өз кезегинде Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс КР менен ЕБ ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөө зарылдыгын айтты.  

Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кыргыз-европалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири катары парламенттик дипломатияны өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media