Кыргызстан менен Беларусь жарандары 30 күнгө чейин каттоодон бошотулушу мүмкүн

Кыргызстан менен Беларусь жарандары 30 күнгө чейин каттоодон бошотулушу мүмкүн

Кыргызстан менен Беларустун жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин каттоодон өтпөстөн жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Беларусь өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды.

Президенттин Иш башкармалыгынын орун басары Талантбек Джунушевдин маалыматына караганда, макулдашууга ылайык, бир өлкөнүн жарандары экинчи өлкөнүн аймагында убактылуу болгон учурда 30 календардык күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулат. Анын айтымында, келишимди ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарлары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болот.

Жыйында депутаттар Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыгын өнүктүрүү, анын ичинде саламаттык сактоо тармагындагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин да көтөрүштү. Ошондой эле Беларуста эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын жүрүү, каттоо жана эсепке алуу шарттары боюнча суроолор берилди.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media