Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Кечээ курулуш министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жыйында курулуш объектилериндеги санитардык абал, жаңы талаптардын аткарылышы, курулуш компанияларынын жоопкерчилиги жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Министр курулуш аянтчаларын жана алардын айланасын таза кармоо, курулуш калдыктарын өз убагында чыгаруу зарылдыгын белгилеп, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине кошумча түйшүк жаратпоону тапшырды.

Бул багытта министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине объектилердин ички жана тышкы аймактарындагы санитардык абалды туруктуу көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Ошондой эле Нурдан Орунтаев курулуш объектиси нөлдүк циклден чыкмайынча батирлерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынган буйрукту эске салып, аны так сактоону талап кылды.

Муну менен катар курулуш компанияларынын каржылык башкаруусун туура уюштуруп, долбоорлорду ишке ашырууда финансылык милдеттенмелерди алдын ала так пландаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Министр курулуш тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн, ошол эле учурда мыйзам талаптарын бузган компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти. Мындан тышкары, курулушта чет өлкөлүк алдыңкы технологияларды колдонуу, заманбап долбоорлоо ыкмаларын киргизүү жана жаңы курулуш ченемдерин сактоо зарылдыгына токтолду.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, компания жетекчилери тармактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды