БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту
Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты.
Бүгүн Түркмөнбашы шаарында, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү.
Билдирүүгө караганда, жыйынга ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Президенттери катышууда.
Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары жыйындар залына өтүп кетишти.