Газ үчүн төлөмдү өз убагында төлөө маанилүү
Суук түшүп, жылытуу мезгили башталар алдында “Газпром Кыргызстан” компаниясы абоненттерди өз балансын текшерип, көгүлтүр отун үчүн болгон карызын төлөөгө чакырды.
Аталган мекеменин билдирүүсүнө караганда, керектелген газдын акысы эсептик айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнүшү керек.
Карыз толук жабылгандан кийин газды кайра кошуу үч жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Анын үстүнө жылытуу мезгили башталганда кайрылуулар көбөйгөндүктөн, узун кезек жаралышы ыктымал.
Ушуга байланыштуу карызды “Мой газ” жана “Мой дом” тиркемелеринен, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен, квитанциядан же 4444 маалымдама кызматы аркылуу текшерүү сунушталууда. Төлөмдү банктардын тиркемелери жана компаниянын тейлөө кеңселери аркылуу жүргүзүүгө болот.