“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Жамаатты жана мекеменин ардагерлерин ушул маанилүү датасы менен куттуктап жатып, ал оорукананын улуттук саламаттык сактоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилеп өттү.
“Ондогон жылдыктар бою Клиникалык оорукана өлкөбүздүн алдыңкы медициналык мекемелеринин бири бойдон калууда. Бул жерде күчтүү кесиптик мектеп калыптанган, медицинанын алдыңкы багыттары ийгиликтүү өнүккөн жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары киргизилген”, - деп баса белгиледи ал, мисал катары бейтаптын боорунан салмагы 5 килограммга жакын шишикти ийгиликтүү алып салууну келтирди.
2021-жылдан тартып медициналык мекемеде материалдык-техникалык базаны масштабдуу жаңыртуу жана бөлүмдөрдү заманбап диагностикалык жана дарылоочу жабдуулар менен жабдуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев мекеменин инфраструктурасын мындан ары стратегиялык өнүктүрүү пландарын жарыялады. Анын айтымында Президенттин тапшырмасына ылайык, жакынкы жылдарда жаңы заманбап 12 кабаттуу медициналык корпус куруу пландаштырылууда.