Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны да болушу күтүлүүдө.

Бүгүн Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат.

Ал эми эртең Президент Садыр Жапаров Түркмөнстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат. Анда мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнү карашат.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун  талкуулашты

Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун талкуулашты

Баткен шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга арналган ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өттү. Жолугуушуга 100дон ашык тургун катышып, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнун  төрагасынын орун басары Гайыпов Улан Абдурасуловичтин торагалыгынын алдында отту.  “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан маалымдагандай, иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге холдингтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик финансылык

Ишкер Media
Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-валюталык интервенциясын өткөрдү. Ага ылайык, валюта рыногунда 207,55 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат. Расмий сайттагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аталган жалпы сумманын 27 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен, дагы 180,55

Ишкер Media
Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media