Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун талкуулашты

Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун  талкуулашты

Баткен шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга арналган ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өттү. Жолугуушуга 100дон ашык тургун катышып, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнун  төрагасынын орун басары Гайыпов Улан Абдурасуловичтин торагалыгынын алдында отту. 

“Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан маалымдагандай, иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге холдингтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик финансылык колдоо механизмдери жана “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алуунун шарттары тууралуу маалымат берилди.

Ишкерлер потенциалдуу карыз алуучуларга коюлган талаптар, арыздарды берүү жана кароо тартиби, керектүү документтер жана каржылоону алуу этаптары боюнча кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун алкагында региондордо ишкердикти өнүктүрүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгү жана жаңы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча BTB форматында пикир алмашуу да болду.

“Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК тарабынан мындай маалыматтык жолугушуулар региондорду өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ишкерлер үчүн мамлекеттик финансылык колдоо инструменттеринин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана жаңы бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү максатында өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Канадалык Silvercorp Metals компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ тилкелерин иштетүү үчүн 60 млн доллар которду. Бул тууралуу инвесторлордун презентациясында маалымдалат. Компаниянын лицензиясы 30 жылга (2062-жылга чейин) узартылгандан кийин каражатты Кыргызстандын инвестициялар боюнча улуттук агенттигине которгон. Тараптар сүйлөшүлгөндөй биргелешкен ишкана түзүлдү,

Ишкер Media
Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында өзүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр банктардагы, банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы, төлөм уюмдарындагы жана алмашуу бюролорундагы ички көзөмөл, укук бузууларды кароо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү талаптарын камтыйт. Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири - банктарда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти

Ишкер Media
Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-валюталык интервенциясын өткөрдү. Ага ылайык, валюта рыногунда 207,55 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат. Расмий сайттагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аталган жалпы сумманын 27 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен, дагы 180,55

Ишкер Media
Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны да болушу күтүлүүдө.

Ишкер Media