Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү
Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-валюталык интервенциясын өткөрдү. Ага ылайык, валюта рыногунда 207,55 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат.
Расмий сайттагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аталган жалпы сумманын 27 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен, дагы 180,55 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылган.
Интервенция учурунда доллардын курсу 87,45 сомду түздү. Быйылкы эң ири валюталык интервенция 29-июнда жасалган. Анда Улуттук банк 222,55 млн доллар саткан.
2026-жылдын башынан бери валюта рыногундагы бул операциянын жалпы көлөмү 1 млрд 869,5 млн долларга жетти. Быйылкы жылдын эсеби менен Улуттук банк доллар сатып ала элек.