Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү
Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү: 2021-жылы 4,024 млрд доллар болсо, 2025-жылы 9,014 млрд долларга жеткен.
2024-2025-жылдары жалпы инвестициясы 1,5 млрд доллардан ашкан 221 өнөр жай объектиси ишке кирсе, 2026-жылы 113 долбоор пландалып, анын 66сы ишке киргизилди.
Көргөзмөгө Кыргызстан, Орусия, Кытай, Түркия, Өзбекстан жана Пакистандан 100гө жакын компания катышууда. Алар курулуш, өндүрүш, энергетика, транспорт, каржы жана айыл чарба тармагындагы продукцияларын сунуштады.
Иш-чаранын алкагында Бишкек бизнес-форуму, B2B жолугушуулар жана инвестициялык долбоорлордун бет ачарлары өтөт.