Жалал-Абадда 149 млн сомго мектеп курулду

Жалал-Абадда 149 млн сомго мектеп курулду

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектеп салынып бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 149 млн сомго курулду. Курулушту Курулуш министрлиги жүргүздү.

Эки кабаттуу, эки блоктон турган мектептин аянты 1650 чарчы метр. Ичинде окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, дарыгер бөлмөсү, жыйын жана спорт залдары бар.

Курулуш 2025-жылдын январында башталган. Азыр объект пайдаланууга берүүгө даяр.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлер жумушсуздарды ишке алганы үчүн 150 миң сом алат

Ишкерлер жумушсуздарды ишке алганы үчүн 150 миң сом алат

Эмгек министрлиги "Социалдык контракт" программасынын алкагында ишкерлер менен биргеликте жумуш орундарын түзүү боюнча жаңы пилоттук долбоорун баштады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, долбоордо ишкерлерге бир жумушсуз жаранды расмий жумушка алганы үчүн 150 миң сом кайтарымсыз акча берилет. Бир ишкер 5

Ишкер Media
Банк карталары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Банк карталары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Келечекте банк карталары пластик түрүндө колдонулбай калышы мүмкүн. Бирок алардын өзү эмес, физикалык формасы жоголуп, карта банк тиркемесиндеги виртуалдык белгиге айланышы ыктымал. Мындай божомолду Россиядагы Т-Банктын продукт боюнча директору Никита Буклиш РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген. Анын пикиринде, келечекте кардарлар банк тиркемеси аркылуу карта ача беришет, бирок пластик

Ишкер Media
Зардалыга барчу 6,4 чакырым жол асфальтталды

Зардалыга барчу 6,4 чакырым жол асфальтталды

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына барчу жолдун 6,4 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу өткөн тилке быйылкы титулдук тизмеде каралган. Ишти №2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толук аяктады. Жолдун оңдолушу тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетти. Айыл тургундары өлкө башчысы Садыр

Ишкер Media
Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди

Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди

Токтогулдун 4 айылында жаңы көчөлөргө жарык тартуу үчүн электр жабдуулары сатып алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка караганда, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин дирекциясы тарабынан жабдуулар мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Сатып алынгандар: • СВ-95 темир-бетон мамыча - 40 даана • 0,4 кВ траверса - 80 даана • ТФ-

Ишкер Media