Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди
Токтогулдун 4 айылында жаңы көчөлөргө жарык тартуу үчүн электр жабдуулары сатып алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин дирекциясы тарабынан жабдуулар мэриянын балансына өткөрүлүп берилди.
Сатып алынгандар:
• СВ-95 темир-бетон мамыча - 40 даана
• 0,4 кВ траверса - 80 даана
• ТФ-20 изолятор - 320 даана
• А-35 электр зымы - 4000 метр
Жалпы суммасы - 732 миң сом.
Жабдуулар Жаңы-Жол, Бала-Чычкан, Кара-Суу жана Кара-Тектир айылдарынын жаңы көчөлөрүнө тартылып, эски мамыларды жаңылоого жумшалат.