Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.

Президенттин тескемесине ылайык, Айзада Субакожоева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аталган агенттиктин башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыктарга жана тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мындан тышкары окуңуз

Зардалыга барчу 6,4 чакырым жол асфальтталды

Зардалыга барчу 6,4 чакырым жол асфальтталды

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына барчу жолдун 6,4 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу өткөн тилке быйылкы титулдук тизмеде каралган. Ишти №2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толук аяктады. Жолдун оңдолушу тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетти. Айыл тургундары өлкө башчысы Садыр

Ишкер Media
Жалал-Абадда 149 млн сомго мектеп курулду

Жалал-Абадда 149 млн сомго мектеп курулду

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектеп салынып бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 149 млн сомго курулду. Курулушту Курулуш министрлиги жүргүздү. Эки кабаттуу, эки блоктон турган мектептин аянты 1650 чарчы метр. Ичинде окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс,

Ишкер Media
Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди

Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди

Токтогулдун 4 айылында жаңы көчөлөргө жарык тартуу үчүн электр жабдуулары сатып алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка караганда, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин дирекциясы тарабынан жабдуулар мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Сатып алынгандар: • СВ-95 темир-бетон мамыча - 40 даана • 0,4 кВ траверса - 80 даана • ТФ-

Ишкер Media
Токтогулда асфальт төшөөгө 36 млн сом бөлүндү

Токтогулда асфальт төшөөгө 36 млн сом бөлүндү

Токтогул районунда Бууракан-Үч-Терек жергиликтүү жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол Элмирбек Иманалиев айыл аймагына карайт. Оңдоо республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун баасы 36 миллион сомду түзөт. Ишти №30 Жол эксплуатациялоо ишканасы жүргүзүүдө. Жумушчулар белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу

Ишкер Media