Садыр Жапаров Арменияга расмий иш сапар менен барды

Садыр Жапаров Арменияга расмий иш сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Арменияга расмий сапар менен барды. Сапардын алкагында ал БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитине катышты.

Бул расмий иш сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу менен уюштурулган. Алгач Садыр Жапаров Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты. Иш-чара өтүүчү жайда аны Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты. Аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, расмий иш сапар 17-октябрга чейин уланат. Анын алкагында Садыр Жапаров Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жыйынтыгында кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн Ош шаарында газ өчүрүлөт

Бүгүн Ош шаарында газ өчүрүлөт

Өзбекстандагы магистралдык газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Ош шаарында газ берүү токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. "Ошгаз" филиалы билдиргендей, 16-октябрь саат 10:00дөн 17-октябрь саат 08:00гө чейин Ош шаарында жана ага чектеш райондордо жаратылыш газы берилбейт. Тургундардан коопсуздук эрежелерин сактоо суралат.

Ишкер Media
22-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

22-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

22-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, өчүрүү "ХБО" суу топтомосундагы жана шаардык тармактагы оңдоо иштерине байланыштуу. Өчүрүлүүчү аймак: Шабдан Баатыр - Субан Ата - Анкара - Чыгыш Чоң Чүй каналы - Молдокулов - Ахунбаев - Куйручук - ЧЧК - Курманжан Датка - Анкара

Ишкер Media
Чүйдө 10 млн долларга балык заводу ачылды

Чүйдө 10 млн долларга балык заводу ачылды

15-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Салих Аква" балык чарба кластеринин курамындагы заманбап завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышты. Завод жылына 3 миң тоннага чейин даяр балык продукциясын чыгарат. Анда форель, осетр жана башка балык

Ишкер Media
Микрокредиттик компаниялардын бирине айып пул салынды

Микрокредиттик компаниялардын бирине айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир микрокредиттик компанияга айып пул салынды. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, мыйзам бузууга жол берген компанияга - 55 000 сом өлчөмүндө айып салынган. 2026-жылдын 8-октябрына карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып Кыргызстандын

Ишкер Media