“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи
Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи.
Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы биринчи финансылык юрисдикция болуп калды.
Рейтингдин калыстар тобу аймактын инвесторлорду тартуу боюнча узак мөөнөттүү стратегиясын жана бизнес үчүн каралган жеңилдиктерин жогору баалашкан. Алардын арасында компаниялардын пайдасына салынуучу салыктын 49 жылга нөлдүк чени жана алынган пайданы чет өлкөгө которуу мүмкүнчүлүгү бар.
“Тамчы” АФИАнын башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Аяз Баетов бул жетишкендикти тандалган өнүгүү моделинин эл аралык деңгээлде таанылышы катары баалады.
Маалыматка ылайык, аймактын алгачкы резиденттери катары Швейцария, Түштүк Корея, Гонконг, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттарынан келген компаниялар катталган. Учурда дагы 30дан ашык компания каттоо процедурасынан өтүүдө.
Резиденттерди каттоо жана тейлөө “бирдиктүү терезе” санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт.