“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди
16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП) жана Кыргыз улуттук агрардык университети уюштурду.
Билдирүүгө караганда иш-чаранын алкагында студенттер айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган инновациялык долбоорлорун, прототиптерин жана санариптик чечимдерин сунушташты. Анда суу ресурстарын үнөмдөө, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк жоготууларын азайтуу жана айыл чарбасын санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Программанын алкагында студенттик долбоорлордун көргөзмөсү, панелдик талкуулар, практикалык көрсөтмөлөр жана тажрыйба алмашуу уюштурулду.
Иш-чара жаштардын инновациялык демилгелерин колдоого, алардын иштеп чыгууларын айыл чарба тармагында практикалык колдонууга багыттоого жана агроазык-түлүк системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталды.


