18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт
2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө.
Ушуга байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын убактылуу өзгөрүүлөрүн эске ала жүрүшү сунушталууда.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги калган автобустардын каттамдары кадимки тартипте, өзгөрүүсүз каттай берет.


