Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты.

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өз сөзүндө жарандардын экологиялык укуктарын камсыз кылууда жана өлкөнүн жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактоодо сот тутумунун негизги ролун баса белгилеп өттү.

«Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу жаатындагы кесиптик ишибиз менен катар, сот коомчулугу жаратылышты сактоого жеке салым кошууну да көздөп жатат. Быйыл Ысык-Көл облусундагы “Фемида” пансионатынын аймагына “Жашыл мурас” улуттук демилгесин колдоо максатында бак-дарактарды отургузууну пландап жатабыз” – деди төрага.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык экологиялык сот адилеттигинин актуалдуу маселелерин, Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууну, Кыргызстандын климаттык саясатын, сот практикасында илимий ыкмаларды жана заманбап технологияларды колдонууну, ошондой эле экологиялык адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда жарандык коомдун ролун талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media
Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен жолугушту

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен жолугушту

ПрезидентСадыр Жапаров кече, Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле

Ишкер Media