Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен жолугушту

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен жолугушту

ПрезидентСадыр Жапаров кече, Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту.

Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын белгиледи.

Өз кезегинде Халед Аль-Анани Президент Садыр Жапаровдун COP17деги биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерине арналган сөзүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Халед Аль-Анани Кыргызстан менен академиялык, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын, өлкөнүн демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media
Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, долбоор Жусуев, Курманжан Датка, Т.Касымбеков жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Долбоордун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус,

Ишкер Media
Ысык-Көлдү сактоо боюнча 10 млн доллар баштапкы төгүм кошо турган фонд түзүү сунушталды

Ысык-Көлдү сактоо боюнча 10 млн доллар баштапкы төгүм кошо турган фонд түзүү сунушталды

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөп, Армениянын тоо жана тузсуз суу экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча Ереван платформасын түзүү демилгесин колдоо менен бирге, Кыргыз Республикасы ага активдүү катышууга даяр экендигин ырастады. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн

Ишкер Media
2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом болоору божомолдонууда

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом болоору божомолдонууда

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 727,3 млрд сом өлчөмүндө, чыгашалары 694,8 млрд сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Республикалык бюджеттин профицити 32,5 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Мындай маалымат Финансы министрлигинде КРнын “2027-жылга республикалык бюджет жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угуу маалымдалды. Финансы министрлигинин

Ишкер Media