Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти
Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок.

Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы жол-транспорт кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча мэрия билдирүү таратып, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата КРнын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөөөрүн кабарлаган.
Билдирүүгө караганда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары укук коргоо органдарына жөнөтүлмөк.
Эске салсак, жол-транспорт кырсыгы 15-октябрь күнү кечинде Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Кырсыктын кесепетинен алты жеңил унаа жана № 38 автобус кагылышкан.