Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты. Жыйын Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында тар жана кеңири курамда өттү.

Анын жүрүшүндө, Данияр Амангелдиев Бишкек саммитинде 28 документ бекитилип, ШКУнун институционалдык реформасы жана укуктук негизи чыңдалганын маалымдады.

Ал соода-экономикалык жана гуманитардык чечимдерди сапаттуу аткаруу үчүн товарлардын кыймылын тездетүү жана транспорттук чыгымдарды азайтуу, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун жана Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын алкагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү жана жасалма интеллект жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин белгиледи.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен маданий иш-чараларды даярдоо сунушталды.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. 25-жыйындын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен коммюнике;
  2. Соода-экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруунун алкагындагы иш-чаралар жөнүндө Отчет тууралуу чечим;
  3. 2026-2030-жылдарга карата Иш-чаралар планы жөнүндө чечим;
  4. ШКУнун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Финансылык отчет тууралуу чечим;
  5. ШКУнун 2027-жылга карата бюджети жөнүндө чечим;
  6. Туруктуу органдарды котормочулук жактан камсыздоо жөнүндө чечим;
  7. Туруктуу органдардын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо жөнүндө Жобого толуктоо киргизүү тууралуу чечим;
  8. Мультимодалдык жүк ташуулар үчүн санариптик платформаны түзүү Концепциясы жөнүндө чечим;
  9. Өнөр жай чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун маалыматтар банкы жөнүндө Жобо тууралуу чечим.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегациясы 12-18-октябрда Бангкок шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйындын алкагында Улуттук банк МВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти уюштурган иш-чараларга жана швейцариялык топтун отурумуна катышты. Анда дүйнөлүк

Ишкер Media
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 20-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар саясий диалогду өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого жана эл аралык

Ишкер Media
Кыргыз опера ырчысы  Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. СССРдин эл артисти, Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган. Чыгармачылык карьерасында

Ишкер Media
Автоунаалардын кузовдорун алты айга чейин импорттоого тыюуну узартуу сунушталды

Автоунаалардын кузовдорун алты айга чейин импорттоого тыюуну узартуу сунушталды

Кыргызстанда жеңил автоунаалардын кузовдорун өлкөгө алып кирүүгө киргизилген убактылуу тыюуну дагы алты айга узартуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыгып, бүгүн коомдук талкууга чыгарды. Долбоордун негизги максаты — өлкөгө тетиктер жана кузовдор түрүндө ташылып келип, кийин мыйзамсыз чогултулган “конструктор” автоунаалардын жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу. Министрликтин маалыматына ылайык, мындай

Ишкер Media