Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты
Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. СССРдин эл артисти, Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган.
Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.
Камералык ырчы катары да таанылып, кыргыз композиторлорунун көптөгөн чыгармаларын алгачкылардан болуп аткарган. Анын ариялары, романстары жана ырларынын 600гө жакын жазмасы Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Алтын фондуна" кирген.
Ал 1980-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.
Кайыргүл Сартбаева педагог катары да кыргыз музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал бир катар окуу жайларда вокалдан сабак берип, 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болгон.