Автоунаалардын кузовдорун алты айга чейин импорттоого тыюуну узартуу сунушталды
Кыргызстанда жеңил автоунаалардын кузовдорун өлкөгө алып кирүүгө киргизилген убактылуу тыюуну дагы алты айга узартуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыгып, бүгүн коомдук талкууга чыгарды.
Долбоордун негизги максаты — өлкөгө тетиктер жана кузовдор түрүндө ташылып келип, кийин мыйзамсыз чогултулган “конструктор” автоунаалардын жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай унаалар көп учурда тиешелүү бажылык жол-жоболоштуруудан өтпөй, жасалма документтердин негизинде каттоого алынат. Натыйжада мамлекет бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан куру калууда.
30 миңден ашык автоунаа легалдаштырылган
Токтом долбоорунун негиздемесинде Кыргызстанда автоунааларды легалдаштыруунун жыйынтыктары да келтирилген.
Маалыматка ылайык, техникалык кароодон өтүү үчүн 30 730 автоунаа сунушталган. Алардын ичинен 466сы техникалык талаптарга жооп бербегендиктен кароодон өтө алган эмес.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маалыматы боюнча автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосунун алкагында КРнын жарандары техникалык кароодон өтүү үчүн 30 730 автотранспорт каражаттары боюнча кайрылышкан, алардын ичинен 466 бирдик техникалык кароодон өтө алышкан эмес, ал эми 30 264 автотранспорт каражаттары ийгиликтүү өтүп, легалдаштырууга тийиш.
Легалдаштыруу үчүн төлөнгөн каражаттын жалпы эсептик суммасы 1 млрд 811 млн 850 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары, УКМК жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында буга чейин легалдаштырылган 944 автоунаа кармалып, айып токтотуучу жайларга киргизилген.
Тыюу кайсы автоунаа кузовдоруна тиешелүү?
Долбоорго ылайык, ЕАЭБдин товардык номенклатурасындагы 8707 10 900 0 коду менен классификацияланган жеңил автоунаалардын кузовдорун импорттоого алты айлык тыюу киргизүү сунушталууда.
Министрлик бул чара мыйзамсыз чогултулган автоунаалардын санын азайтууга, бажы төлөмдөрүнүн түшүшүн камсыз кылууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталганын белгилейт.
Эске салсак, Кыргызстанда автоунаалардын кузовдорун импорттоого буга чейин да убактылуу чектөө киргизилген. Жаңы токтом долбоору кабыл алынса, ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми алты айлык тыюу токтом күчүнө киргенден үч күн өткөн соң колдонула баштайт.