Президенттик шайлоо. МинКаб республикалык штабдын биринчи жыйынын өткөрдү

Президенттик шайлоо. МинКаб республикалык штабдын биринчи жыйынын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, отурумдун күн тартибине төрт маселе киргизилген. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын – президенттик шайлоого даярдыгы, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоо участокторунун даярдоо.

Тышкы иштер министрлигинин – чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун даярдыгы жана чет жакта жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу.

Ички иштер министрлигинин – шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу.

Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү – шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, Face ID, манжа издери, техникалык жабдуулар, байланыш жана башка даярдыктар боюнча маалымат беришти.

Отурумдун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алдыдагы президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын ишке ашырууга жооптуу бардык жетекчилерге тапшырмаларды дыкат жана өз убагында аткарууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүндөн баштап Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Бүгүндөн баштап Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Бүгүн быйылкы жылы шаардык фонтандардын иштөөсүнүн акыркы күнү. Сезон аяктагандан кийин адистер фонтан комплекстерин кыш мезгилине даярдоо иштерин башташат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, ишкананын кызматкерлери фонтан бассейндериндеги сууну агызып, аларды тазалашат. Ошондой эле атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана суу чачыратуучу түтүктөр демонтаждалып, жарык берүүчү

Ишкер Media
Өлкөдө инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет

Өлкөдө инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет

Кыргызстанда инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт. Бул тууралуу 20-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, аталган программа 2027-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. "Кудай буюрса 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң", - деп жазды

Ишкер Media
Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды

Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды

Нарын дарыясынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоо боюнча 13 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Күрп-Сай суу сактагычында рейд өткөргөн. Текшерүүнун натыйжасында суудан 500 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылган. Мындан тышкары, тиешелүү документтери жок балык уулоо менен

Ишкер Media
Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет

Самарканд шаарында «Борбордук Азия жана АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат кызматы маалымайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик

Ишкер Media