Бүгүндөн баштап Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Бүгүндөн баштап Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Бүгүн быйылкы жылы шаардык фонтандардын иштөөсүнүн акыркы күнү. Сезон аяктагандан кийин адистер фонтан комплекстерин кыш мезгилине даярдоо иштерин башташат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, ишкананын кызматкерлери фонтан бассейндериндеги сууну агызып, аларды тазалашат. Ошондой эле атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана суу чачыратуучу түтүктөр демонтаждалып, жарык берүүчү чырактардагы калдыктар тазаланат.

Быйыл Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын түндүк жана борбордук бөлүктөрүндөгү, Жаштар аллеясындагы, Баатырлар аллеясындагы, “Аска-Таш” комплексиндеги, ошондой эле Улуттук тарых музейинин жанындагы  фонтандагы иштер аяктады. Карагач токоюндагы иштер соңуна чыгып калды, ал эми Тарых музейинин жанындагы борбордук фонтанда реконструкция иштери башталды.

Мындан тышкары, “25 чөйчөк” фонтанынын долбоору боюнча сметалык документтер бекитүүгө жөнөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, фонтандарды кышка даярдоо иштерин октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Андан соң жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 17 фонтан комплекси бар.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта 7 социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды

Сузакта 7 социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курулушу токтоп калган жети социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды. Бул тууралуу 20-октябрда Курулуш министрлигинен кабарлашты. Белгилей кетсек, аталган объекттердин курулушу буга чейин демөөрчүлөр тарабынан башталып, кийин каржылык жана документ маселелерине байланыштуу аягына чыкпай калган. Объекттердин тиешелүү документтери каралып чыгып, курулуш иштерин улантуу милдети

Ишкер Media
Пакистан рыногуна кыргыз буюмдарын чыгаруу маселеси талкууланды

Пакистан рыногуна кыргыз буюмдарын чыгаруу маселеси талкууланды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев 19-октябрда Пакистандын консулу Кашиф Юнис Мехер жана ишкерлер делегациясы менен менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Анда пакистандык тарап зайтун майы, текстиль, косметика, курулуш материалдары жана цемент тармактарында кызматташууну сунуштап, кыргыз балын жогору баалашты. Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарын Пакистан рыногуна

Ишкер Media
Бишкекте социалдык тармакты каржылоого жылына 823,8 млн сомдон ашат

Бишкекте социалдык тармакты каржылоого жылына 823,8 млн сомдон ашат

Бишкекте 19-октябрда Социалдык коргоо кызматкерлеринин күнү белгиленди. Салтанат Токтоболот Абдумомунов атындагы драмтеатрда өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага вице-мэр Рахат Мусаева жана шаардык кеңештин депутаты Өмүркан Ашанбаева катышты. Майрамдын алкагында социалдык тармактын мыкты кызматкерлерине мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды. Азыр борбор калаада 15

Ишкер Media
Өлкөдө инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет

Өлкөдө инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет

Кыргызстанда инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт. Бул тууралуу 20-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, аталган программа 2027-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. "Кудай буюрса 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң", - деп жазды

Ишкер Media