Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды
Нарын дарыясынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоо боюнча 13 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Күрп-Сай суу сактагычында рейд өткөргөн. Текшерүүнун натыйжасында суудан 500 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылган.
Мындан тышкары, тиешелүү документтери жок балык уулоо менен алектенген 13 жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Ошондой эле үч жаранга карата келтирилген зыян боюнча доо коюлуп, тиешелүү актылар түзүлдү.