Өлкөдө инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет
Кыргызстанда инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт. Бул тууралуу 20-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, аталган программа 2027-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет.
"Кудай буюрса 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң", - деп жазды Алагөзов.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы өсүшү 8,1%ды түздү.