Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет
Самарканд шаарында «Борбордук Азия жана АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат кызматы маалымайт.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашырууга, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
"Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү келечегин карап чыгышты. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашырууга, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.