Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү каралды.

Өзгөчө көңүл ата мекендик анимацияны, дубляжды жана улуттук балдар контентин өндүрүүнү мамлекеттик колдоо маселелерине, ошондой эле улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого бурулду.

МинКаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов ата мекендик киноиндустрияны системалуу өнүктүрүүнүн, чыгарылуучу кинопродукциянын сапатын жогорулатуунун, чыгармачылык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана кыргыз киносунун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталып, профилдик мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media
Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды

Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурда жарыксыз иштеп келген "Көк-Айгыр" чек ара бөлүмүнө электр энергиясы жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында "Торугарт" көмөкчү чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылып, 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы

Ишкер Media
Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media