Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда
Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт.
Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган.
Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы болгон.
Жол ишке берилгенде Ала-Бука жана Чаткал багытындагы оор жүк ташуучу унаалар шаар ичине кирбей өтөт. Бул шаардагы тыгынды азайтып, жол коопсуздугун жогорулатат жана логистикалык чыгымдарды кыскартат.