Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128 топту эмерек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Жыйынга агартуу министринин, Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышышты.

Адистер тандалуучу жайлардын коопсуздук талаптарына шайкештигин, балдар үчүн ыңгайлуулугун жана эмеректердин техникалык мүнөздөмөлөрүн карашты. Жыйынтыгында жайларды тандоо жана эмеректерге коюлган талаптарды тактоо боюнча кийинки кадамдар аныкталды.

Бул иштер Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоор балдардын мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, коопсуз шарттарды түзүүгө жана аймактардагы бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media
Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды

Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурда жарыксыз иштеп келген "Көк-Айгыр" чек ара бөлүмүнө электр энергиясы жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында "Торугарт" көмөкчү чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылып, 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы

Ишкер Media