Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды
"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат.
Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча:
• Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн — 88 505 нуска;
• Орус тилинде билим алган класстар үчүн — 56 175 нуска.
Ал эми 8-класстар үчүн Математика предмети боюнча (Орус тилинде билим алган класстар үчүн) 93 750 нуска чыгарылды.