Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда
Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Окутууда Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары, абанын сапатын моделдөө, ошондой эле майда бөлүкчөлөрдөн келип чыккан булганууну азайтуу жолдору айтылды.
Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү пландарды иштеп чыгуу, экологиялык саясатты өркүндөтүү жана Кореянын алдыңкы тажрыйбасын Кыргызстандын шарттарына ылайык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.