Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты.

Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер жана коомдук ишмер болгон.

Убагында Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктап, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. Кийин жогорку окуу жайда сабак берген. Физика жана педагогика багытында илимий эмгектерди жазган.

Роза Айтматова үй-бүлөсүнүн тарыхын сактоого да чоң салым кошкон. Ал жээни Асан Ахматов менен биргеликте “Тарыхтын ак барактары”  аттуу китепти жазган. Эмгекте 1930-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыгы болгон атасы Төрөкул Айтматовдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана Чыңгыз Айтматовдун балалыгы баяндалган.

Ошондой эле, Роза Айтматова өмүрүнүн олуттуу бөлүгүн аялдардын укуктарын коргоого арнаган. 1996-жылы кесиптештери менен биргеликте "Аялдарга жардам берүү борбору" коомдук уюмун негиздеген.

"Ишкер медианын" жамааты - Роза Төрөкуловна Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Мындан тышкары окуңуз

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда

Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда

Тогуз-Торо районунда жаңы мектеп жана эки бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, Арал айылында 75 орундуу "Айзирек" бала бакчасы курулууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 43,7 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Карл-Маркс айылында

Ишкер Media
Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media