Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды.

Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда.

Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Долбоорду Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясы ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында станциянын жабдуулары жаңыланып, кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка чейин көбөйтүлөт. Бул ГЭСтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда

Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда

Тогуз-Торо районунда жаңы мектеп жана эки бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, Арал айылында 75 орундуу "Айзирек" бала бакчасы курулууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 43,7 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Карл-Маркс айылында

Ишкер Media