Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды
Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды.
Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс 1–2 жумуш күнүнө чейин созулган.
100 күндүк "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында "Түндүк" тиркемеси аркылуу мүлккө коюлган чектөөлөрдү онлайн алып салуу механизми иштелип чыкты.
Эми арыз берүү, банк тарабынан ырастоо жана мамлекеттик каттоо иштери электрондук форматта жүргүзүлөт.
Натыйжада, мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 1–2 жумуш күнүнөн 5 жумуш саатына чейин кыскарды. Жарандар мамлекеттик мекемелерге жана банктарга барбастан, бул кызматты онлайн пайдалана алышат.