Төрага Маматалиев Киотонун губернатору менен жолугушту

Төрага Маматалиев Киотонун губернатору менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга жасаган расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки жана башка жетекчилер менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Мирлан Жеенчороев, Жаныбек Аматов, Эрулан Кокулов, Бурул Аманова жана Максат Алымбеков да катышты. 

Төрага Жапония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Киото Жапониянын бай тарыхын, маданиятын жана кылымдарды карыткан каада-салттарын сактап келген өзгөчө шаар. Андыктан эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди аймактар аралык алакалар менен да бекемдешибиз кажет",– деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле төрага кийинки жылы Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 35 жыл толорун эске салып, бул дата эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзүшү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки да эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын мисал кылып, Киото префектурасы Кыргызстан менен ар түрдүү багыттардагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, расмий сапардын алкагында төрага баштаган кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана Жапониянын белгилүү тарыхый-маданий эстеликтеринин бири болгон Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.

Белгилей кетсек, Киото шаары Жапониянын байыркы борбору катары өлкөнүн тарыхый жана руханий мурастарын сактап келген маанилүү маданий калааларынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады. Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты. Жыйында Фонддун

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы экономикалык өнүгүүсү, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө караганда, Тогуз-Торо районунда 5 жылда жалпысынан 33 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилип,

Ишкер Media
Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып,

Ишкер Media