Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду
Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы экономикалык өнүгүүсү, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, Тогуз-Торо районунда 5 жылда жалпысынан 33 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилип, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Алардын катарында 4 мектеп, 4 бала бакча, 2 маданият үйү, аэропорт, 3 спорт объектиси, 5 фельдшердик-акушердик пункт, 2 айылдык китепкана жана 4 административдик имарат бар.
Ошондой эле аталган мезгилде ишкерлер тарабынан 8 объект пайдаланууга берилген. Аларга 160,2 млн сом инвестиция тартылып, 86 жумуш орду түзүлгөн.
Ишке берилген объектилердин арасында беш тигүү цехи, мал союучу ишкана жана эмерек цехи бар